07 ноября 2025
Элдик Банктын Жалал-Абад филиалы “Манас Экспо – 2025” форумунда
Элдик Банктын Жалал-Абад филиалы Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөн “Манас Экспо – 2025” эл аралык форумуна катышты. Форумдун жүрүшүндө аймактагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, экспорттук потенциал жана жаңы бизнес долбоорлор талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Банктын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери Банктын продуктулары (кредит, лизинг, исламдык каржылоо, ошондой эле «Ишкер24» жана Элдик санариптик чечимдери) жөнүндө форумдун катышуучуларына кенири маалыматтарды беришти.
Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Регионалдык инвестициялык кеңеш тарабынан уюштурулган.