Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө

Негизги шарттар
Максаттуу багыты:
Чакан жана орто ишкердик субъекттерине жеңилдетилген пайыздык ставкалар менен кредиттик каражаттарды берүү аркылуу бизнеске каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыздоо, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү.
Карыз алуучулар:
Төмөнкү багыттарда иш алып барган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:
▫️ тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү (тамекиден тышкары);
▫️ тигүү жана текстиль өндүрүшү, бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын чыгаруу;
▫️ жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү жана кайра иштетүү, полиграфия;
▫️ химиялык продукция өндүрүү;
▫️ фармацевтикалык продукция өндүрүү;
▫️ резина, пластмасса жана башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү;
▫️ даяр металл буюмдарын өндүрүү;
▫️ компьютер, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү;
▫️ электр жабдууларын өндүрүү;
▫️ курулуш материалдарын өндүрүү жана кайра иштетүү;
▫️ башка өндүрүш түрлөрү, жабдууларды оңдоо жана орнотуу;
▫️ туризм жана коштоочу кызматтар (конок үйлөрү, этно- жана экотуризм, транспорт, гиддик кызматтар);
▫️ кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк;
▫️ билим берүү (мектепке чейинки жана мектеп мекемелери);
▫️ кол өнөрчүлүк;
▫️ стартап-долбоорлор;
▫️ саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө;
▫️ экспортко багытталган ишмердүүлүк;
▫️ IT-сектор жана инновациялар (санарип кызматтар, финтех);
▫️ технологиялык линияларды, өндүрүш жабдууларын, техникаларды жана транспорт каражаттарын сатып алуу;
▫️ иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн гана кыймылсыз мүлк сатып алуу (жер тилкелерин кошпогондо).
Пайыздык ставка:
— жылдык 6% (ЭПС 6,17%дан баштап)
Каржылоонун негизги шарттары:
📌 Инвестициялык максаттар үчүн
(жабдуу сатып алуу, реконструкция, модернизация)
-
Ставка: 6%
-
Мөөнөт: 60 айга чейин
-
Жеңилдетилген мөөнөт: 6 айга чейин
-
Сумма:
▪️ ИЖ жана юридикалык жактар — 15 млн сомго чейин
▪️ Чакан ишкана — 30 млн сомго чейин
▪️ Орто ишкана — 50 млн сомго чейин
📌 Айланма каражаттарды толуктоо үчүн
(чийки зат, товар алуу)
-
Мөөнөт: 36 айга чейин
-
Сумма: 5 млн сомдон 20 млн сомго чейин
📌 Рефинансирование үчүн
-
Мөөнөт: 18 айга чейин
-
Сумма: 3 млн сомдон 10 млн сомго чейин
📌 Баштапкы ишкерлер жана стартаптар үчүн
-
Мөөнөт: 18 айга чейин
-
Сумма: 1 млн сомго чейин
Жеңилдетилген мөөнөт:
— 6 айга чейин (кошкондо)
Камсыздоо (күрөө):
▫️ 300 000 сомго чейин — күрөөсүз
▫️ 300 001 сомдон 50 000 000 сомго чейин — кыймылсыз мүлк, депозит, транспорт же кыймылдуу мүлк
Күрөө жетишсиз болгон учурда
ААК «Кепилдик фонд» тарабынан кепилдик алуу мүмкүн.
calculator.main_title_cred
undefined
calculator.cuption
