Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу
Биз экологиялык жактан таза жылытууга өтүүнү колдойбуз
Насыянын суммасы
Пайыздык чен
Негизги
Насыянын максаты:
Долбоордун акыркы бенефициарларына жеке турак жай имараттарында экологиялык жактан таза жылытуу системаларын ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү, ошондой эле экологиялык жактан таза жылытуу жабдууларын жеткирип берүүчү, орнотуучу жана чогултуучу компанияларды колдоо.
Алуучулар:
Жеке адамдар – жеке турак жай имараттарынын ээлери (ээлери) жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү.
Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар – экологиялык жактан таза жылытуу жабдууларын жеткирип берүүчү, сатуучу, орнотуучу жана чогултуучу компаниялар жана жеке ишкерлер.
Эгерде алуучулар турак жай имаратынын ээси болбогон үй-бүлө мүчөсү болсо, турак жай имаратынын ээси менен кепилдик келишими түрүндө кошумча күрөө талап кылынат.
Насыянын максаты:
Экологиялык жактан таза жылытуу жабдууларын сатып алуу жана орнотуу, анын ичинде:
- Жылуулук насостору (абадан сууга, абадан абага, суудан сууга, жерден сууга);
- Электр казандары жана инфракызыл керамикалык жылыткычтар (радиаторлор);
- Жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн күн жылуулук коллекторлору;
- Күн фотоэлектрдик (ФЭ) панелдери жана энергия сактоочу системалар;
- Экологиялык жактан таза жылытуу системаларынын башка түрлөрү.
- Жогоруда айтылган жабдууларды орнотуу жана чогултууга байланыштуу керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн каржылоо да бар.
Насыя валютасы:
Кыргыз сому
Насыянын суммасы:
Жеке адамдар үчүн (Бишкек шаарындагы үй чарбалары) — 1 000 000 сомго чейин;
Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн — 5 000 000 сомго чейин.
Пайыздык чен:
Жылдык 8% — жеке адамдар үчүн (Бишкек шаарындагы үй чарбалары);
Жылдык 10% — юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн.
Насыя мөөнөтү:
60 айга чейин
Насыянын күрөөсү:
Жеке адамдар үчүн:
300 000 сомго чейин — күрөөсүз;
300 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин — кыймылсыз мүлк, депозит;
кошумча күрөө катары — унаалар жана/же башка кыймылдуу мүлк.
Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн:
300 000 сомго чейин — күрөөсүз;
300 001 сомдон 5 000 000 сомго чейин — кыймылсыз мүлк, депозит;
кошумча күрөө катары — унаалар жана/же башка кыймылдуу мүлк.
Насыянын суммасын эсептөө
undefined
Пайыздык ченди эсептөөнүн мисалы маалыматтык максатта гана болуп саналат жана ачык сунуш эмес

