

Жеңилдетилген автокредитти каржылоо

Насыянын мөөнөтү
5 миллион сомго чейин
Насыянын мөөнөтү
60 айга чейин
Пайыздык чен
4% баштап
Жеңилдетилген автокредитти каржылоо
4% - мамлекеттик органдардын жана алардын карамагындагы/аймактык мекемелердин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана социалдык бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн;
8% - Башка бардык категориядагы субъекттер үчүн
Негизги шарттар
Автоунаа насыясынын шарттары:
Баштапкы төлөм:
- 3,0 миллион сомго чейинки насыялар үчүн 20%дан кем эмес;
- 3,0 миллион сомдон ашык насыялар үчүн, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн 30%дан кем эмес;
Баштапкы төлөм жок болгон же баштапкы төлөм жетишсиз болгон учурда, "Кепилдик фонду" ААКнан насыянын суммасынан кеминде 10% кем эмес салым менен кепилдик берилет.
Пайыздык чен:
- 4% - мамлекеттик органдардын жана алардын карамагындагы/аймактык мекемелердин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана социалдык бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн;
- 8% - башка бардык категориядагы субъекттер үчүн (EPS 8,45%).
Мөөнөтү
- 36 айга;
- 60 ай
Максаты:
- Ата мекендик өндүрүштөгү жеңил жана коммерциялык жүк ташуучу унааларды сатып алуу
Каржылоо валютасы:
- Кыргыз сому
Насыянын суммасы:
- Жеке ишкерлер, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 300 000 000 (үч жүз миллион) сомго чейин, анын ичинде;
- Жеке адамдар үчүн 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин.
Насыянын күрөөсү:
- 3 000 000 (үч миллион) сомдон ашпаган бүтүмдөр үчүн - сатылып алынган ата мекендик өндүрүштөгү жеңил жана/же коммерциялык жүк ташуучу унаа түрүндөгү күрөө, ошондой эле карыз алуучунун өздүк салымы; карыз алуучунун өздүк салымы жок же жетишсиз болгон учурда, "Кепилдик фонду" ААКнын кепилдиги, бирок белгиленген баштапкы төлөмдөн ашпаган сумма;
- 3 000 001 (үч миллион бир) сомдон ашык бүтүмдөр үчүн - сатылып алынган ата мекендик өндүрүштөгү автомобиль жана/же коммерциялык жүк ташуучу унаа түрүндөгү күрөө, ошондой эле карыз алуучунун өздүк салымы жана/же кыймылсыз мүлкү, өздүк салымы жок/жетишсиз болгон учурда - "Кепилдик фонду" ААКнан кепилдиктерди берүү, бирок белгиленген баштапкы төлөмдүн суммасынан ашпашы керек.
Насыянын суммасын эсептөө
тартып-0
чейин-3 000 000
тартып-3 Ай
чейин-60 Ай
Ай сайын төлөм
0.00
Төлөө пайызы
8.00%
Пайыздык ченди эсептөөнүн мисалы маалыматтык максатта гана болуп саналат жана ачык сунуш эмес
