Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Бош кызмат орундары

Стажердон филиалдын директоруна чейин

Стажердон филиалдын директоруна чейин

2015-жылдын соңунда мен Элдик Банктын юридикалык бөлүмүнө такшалууга (стажировкага) келдим. Программаны ийгиликтүү аяктап, тесттен өткөндөн кийин Токмок филиалына юрист катары жумушка орноштум. Мен үй-бүлөм менен Бишкекте жашайм жана күнүгө жумушка жана кайра үйүмө 60 чакырым жолду басып өтүп жүрдүм. Токмоктун башкы кеңсесиндеги милдетимден тышкары,  юрист адистери  убактылуу болбогон Кемин, Иванов, Кант жана Сокулук филиалдарына тез-тез каттап, иштеп жүрдүм. Мен иштеген иш кызыктуу жана көп кырдуу болду, анда баалуу тажрыйба топтодум жана көп адамдар менен тааныштым, алар мага ушул күнгө чейин жардам берип келишет.

 

Токмокто бир жылдан ашуун иштегенден кийин, Кант филиалына ушундай эле кызматка которулдум. Төрт айдан кийин өзүмдү дурус сапаттар менен далилдей алуумдун натыйжасында мени Чүй облустук филиалына юрист катары дайындашты, мында менин кызматтык жолумдун интенсивдүү этабы башталды. Бул филиалда эки жыл иштегенден кийин мени директордун орун басары катары дайындашты. Бул кызматта беш жыл иштеп, филиалдын өнүгүшүнө жигердүү катышып келдим.

 

2024-жылдын август айында банктын жетекчилиги мага Ырыскы филиалынын директору - жооптуу кызматын ишенип тапшырды, бул үчүн мен чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем! Бул көрсөтүлгөн ишенимге курсантмын жана биздин банктын өнүгүшүнө салым кошуп жатканыма  сыймыктанам.

 

Мен өзүмдүн жумуштагы ордумду тапканымды так билем. “Элдик Банк” мен үчүн – бул банктын ийгиликтерин жана жетишкендиктерин өзүмдүкү катары кабыл алуучу, баш-отум менен берилип иштей турган мекеме. Эң негизгиси: банк – бул анын кызматкерлери, алардын ар бири уникалдуу жана жалпы ишке – Элдик Банктын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келишет!