"Элдик Банктан" жана Namba One дан тиричилик техникасын бөлүп төлөө!

«Элдик Банктын» кардарлары (эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары) үчүн сонун жаңылык! Эми сиз Namba One мобилдик тиркемеси аркылуу үй-тиричилик техникасын күрөөсүз же кирешеңиз тууралуу сертификатсыз бөлүп сатып алсаңыз болот!
Бөлүп төлөө шарттары:
• Мөөнөтү - 12 айга чейин;
• Суммасы – 100 000 сомго чейин;
• Пайыздык чен - 0%.
Бул үчүн сизге керек:
• Namba One мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз (эгерде жок болсо) жана каттоодон өтүңүз;
• Товарды кредитке берүү үчүн онлайн анкета толтуруу;
• Жеке маалыматтарды иштетүүгө электрондук макулдук берүү, КБда текшерүү, кредиттөө үчүн атайын эсеп ачууга макулдук берүү жана Кардардын атынан Сатуучу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө макулдук берүү;
• Паспорттун сүрөтүн жүктөө;
• Жөнөкөй электрондук кол тамга менен арыздын формасына кол коюңуз/OTP коду менен ырастаңыз.
Чечим оң болсо, банктын адиси сиз менен байланышып, төлөмдөрдүн шарттары жана суммасы тууралуу маалымат берет. Андан кийин товарлар көрсөтүлгөн дарекке жеткирилет.






