24 сентября 2026
Элдик Банк Мамлекеттик тил күнүн майрамдык иш-чаралар менен белгиледи
23-сентябрга карата Элдик Банктын «Мурас», Ысык-Көл, Балыкчы, Раззаков жана башкы филиалдарда кардарлар үчүн майрамдык иш-чаралар өттү. Конокторго улуттук даамдар тартууланып, кызыктуу оюндар өткөрүлүп, эстелик белектер берилди.
Элдик Банк кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойт жана өлкөнүн маданий баалуулуктарына урмат көрсөткөн жагымдуу атмосфера түзүүгө умтулат.





