Элдик Банк жана ZEEKR кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту

«Элдик Банк» ААКсы жана Кыргыз Республикасында ZEEKR брендинин расмий дистрибьютору болгон «Милан компаниялар тобу» ЖЧКсы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшуп, жашыл автокредиттөө боюнча биргелешкен продуктуну ишке киргизишти.
Банктын негизги максаты – туруктуу каржылоону кеңейтүү жана экологияга багытталган кредиттик портфелдин үлүшүн көбөйтүү.
Ал эми ZEEKR брендинин расмий дистрибьютору үчүн долбоордун максаты – өлкөдө электр унаалардын үлүшүн көбөйтүү жана Кыргыз Республикасында экологиялык таза транспорт маданиятын өнүктүрүү.
«Милан компаниялар тобу» ЖЧКсы өлкө аймагында ZEEKR брендинин электр жана гибриддик унааларынын жалгыз расмий дилери жана дистрибьютору болуп саналат. Келишимге кол коюу кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен бирге, экологиялык таза транспорт сатып алууга кызыкдар болгон кардарларга пайдалуу шарттарды сунуштайт.
Кызматташтыктын алкагында кардарлар жаңы ZEEKR унааларын Банк аркылуу атайын шарттар менен кредитке сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Программанын негизги шарттары:
-
пайыздык чен – жылдык 10%;
-
кредиттөө мөөнөтү – 60 айга чейин;
-
баштапкы төлөм – унаанын наркынын 15%ынан баштап;
-
күрөө камсыздоосу – сатып алынган унаа.
«Бүгүн биз үчүн маанилүү күн — биз Кыргызстандагы ZEEKR брендинин расмий дистрибьютору менен өнөктөштүктү бекемдедик. Бул кызматташтык өнөктөштүк экосистемабызды өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп, экологиялык каржылоого болгон багытыбызды күчөтөт деп ишенем. Биз экологиялык таза транспортко болгон туруктуу кызыгууну көрүп жатабыз жана кардарлардын аң-сезимдүү тандоосун колдогон каржылык чечимдерди сунуштоо маанилүү деп эсептейбиз. Бул биз үчүн жөн гана жаңы продукт эмес — бул туруктуу келечекке жана кардарларыбыздын ыңгайлуулугуна кошкон салымыбыз», — деп белгиледи «Элдик Банк» ААКсынын Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Ногаев.
«Кыргызстанда электр унааларга болгон кызыгуу жыл сайын өсүүдө. “Элдик Банк” ААКсы менен келишимге кол коюу — ZEEKR электр унааларын кеңири аудитория үчүн жеткиликтүүрөөк кылууга багытталган маанилүү кадам. Биздин максат — өлкөдөгү ZEEKR брендинин үлүшүн көбөйтүү жана бренддин айланасында туруктуу экосистема түзүү», — деп белгиледи «Милан компаниялар тобу» ЖЧКсынын Башкы директору Рахимджан Саттаров.









