Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Лондондо өткөн Kyrgyz-British Business Council’дин ишкердик форумунда

02 марта 2026

Элдик Банк Лондондо өткөн Kyrgyz-British Business Council’дин ишкердик форумунда

Лондондо Кыргыз-Британ бизнес кеңешинин (Kyrgyz-British Business Council) ишкердик форуму өттү. Аянтча Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы инвестициялык жана каржылык кызматташууну предметтүү талкуулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык каржы институттарынын жана британ бизнесинин өкүлдөрүн бириктирди.

Жолугушуулардын алкагында Кыргызстандын банк тармагынын потенциалы тааныштырылып, инфраструктуралык жана жеке долбоорлорду каржылоо инструменттери, эл аралык эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, ошондой эле британ каржы институттары менен стратегиялык өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

"Элдик Банк" үчүн эл аралык ишкердик форматтарга катышуу — бул чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөө, корреспонденттик тармакты кеңейтүү жана өлкө экономикасына узак мөөнөттүү капитал тартуу боюнча ырааттуу иш. Туруктуу эл аралык байланыштарды түзүүнү улантып, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууну улантабыз.