Чолпон-Ата шаарында ШКУнун банктар аралык бирикмеси Кеңешинин XXII - отурумун Элдик Банк ачты

2026-жылдын 2-июлунда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) Кеңешинин XXII -отуруму башталды.
Быйылкы жылы ШКУнун банктар аралык бирикмесинин төрагалык кылууну «Элдик Банк» ААКсы ишке ашырып жатат.
Жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин мүчө банктарынын Индия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү келишти.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар банктар аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында туруктуу каржылоо принциптерин алдыга жылдыруу боюнча негизги маселелерди карашат.
Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУга мүчө-мамлекеттердин каржы институттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.
«Элдик Банк» ААКнын төрагалыгы астында ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин кеңешинин XXII -отурумунун өткөрүлүшү ШКУнун аймагындагы финансылык кызматташтыкты чыңдоодо жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын активдүү ролун белгилейт.



















