Элдик Банк — Егерьлерди сыйлоонун 12-салтанатынын өнөктөшү

Бишкек шаарында “Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan” коомдук фонду тарабынан уюштурулган егерьлерди сыйлоонун 12-жылдык салтанаты болуп өттү. Иш-чараны бул маанилүү демилгенин көп жылдан берки ишенимдүү өнөктөшү болгон Элдик Банк колдоого алды.
Салтанаттын алкагында Кыргызстандагы жаратылыш байлыктарын күн сайын коргоп, биологиялык ар түрдүүлүктү жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти сактоого салым кошуп, ошондой эле браконьерликке каршы күрөшүп келген егерьлер жана жарандык активисттер сыйланышты. Куттуктоо сөзүндө “Элдик Банк” ААКнын Туруктуу өнүгүү (ESG) департаментинин башчысы Асель Усенбаева мамлекеттин, коомдук уюмдардын жана бизнестин күчүн бириктирүү келечек муундар үчүн өлкөнүн уникалдуу жаратылыш мурасын сактап калууга жардам берерин белгиледи.
Элдик Банк мындан ары да Кыргызстандын жаратылышын коргоо аракеттерин колдоп, өз ишмердүүлүгүндө туруктуу өнүгүү принциптерин активдүү ишке ашырууну улантат.












