Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» — Кыргызстанда биринчи болуп Жашыл климаттык фонддо аккредитацияланган банк

26 марта 2026

«Элдик Банк» — Кыргызстанда биринчи болуп Жашыл климаттык фонддо аккредитацияланган банк

«Элдик Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Жашыл климаттык фонддо (Green Climate Fund, GCF) аккредитация алган биринчи каржы институту болду. Бул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү багытындагы долбоорлорду каржылоочу дүйнөдөгү эң ири глобалдык фонд болуп саналат.

Аккредитация жөнүндө чечим GCF Кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул статус Банктын корпоративдик башкаруу, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча эл аралык талаптарга шайкеш экенин, ошондой эле эл аралык каржылоону тартуу менен инвестициялык долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин тастыктайт.

Аккредитация банктын GCF ресурстарына түз жетүүсүн камсыз кылып, Кыргыз Республикасына узак мөөнөттүү каржылоону тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул өз кезегинде климаттык туруктуулукту жогорулатууга, энергия натыйжалуулугун арттырууга, туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканын башка артыкчылыктуу багыттарындагы долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.

«Элдик Банк» ААК бул аккредитацияны өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоо үчүн эл аралык ресурстарды тартуу жана натыйжалуу пайдалануудагы өз ролун бекемдөөнүн маанилүү кадамы катары карайт.

Жашыл климаттык фонддун инвестициялык кызматтар департаментинин директору Ачала Абейсингхе:

«Биз “Элдик Банк” ААКны Жашыл климаттык фонддун аккредитацияланган уюму катары кубануу менен кабыл алабыз. Банктын аккредитациясы Кыргызстанда климаттык каржылоого жетүүнү кеңейтүүгө жана улуттук климаттык артыкчылыктарды колдоо үчүн жеке тармактын инвестицияларын мобилизациялоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жашыл климаттык фонд климаттык аракеттер үчүн өлкөнүн жоопкерчилигин күчөтүү жана туруктуу инвестицияларды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында улуттук каржы институттары менен өнөктөштүктү колдойт. Мындан ары өнүгүү процессинде жаңыртылган аккредитациялык алкак Фонддун өнөктөштүк моделин дагы ачык-айкын, ийкемдүү жана натыйжалуу кылууга өбөлгө түзөт», - деп белгиледи.

«Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев:

«Жашыл климаттык фонддо аккредитация алуу “Элдик Банк” үчүн маанилүү институционалдык жыйынтык болуп саналат. Бул банк эл аралык стандарттарга жооп берерин жана глобалдык климаттык каржылоонун куралдары менен иштөөгө даяр экенин тастыктайт.

Биз бул статусту узак мөөнөттүү ресурстарды тартуу жана аларды Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн системалуу мааниге ээ долбоорлорго багыттоо боюнча практикалык механизм катары карайбыз. Биздин милдет — бул каражаттарды туруктуу өнүгүүнү жана өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатуу үчүн натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууну камсыз кылуу».