Элдик Банк — Tencent (WeChat) менен меморандумга кол койгон Кыргызстанда биринчи банк
Элдик Банк Shaanxi Silk Road Expo алкагында Tencent компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюп, WeChat экосистемасы менен мындай келишим түзгөн Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз банк болуп калды.
Бул келишим Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык жана санариптик кызматташуунун жаңы этабын чагылдырат. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүү, туристтик агымдар жана трансчек аралык каржылык операциялар туруктуу өсүүдө. Мындан тышкары, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорунун ишке ашырылышы аймактагы негизги транспорттук-логистикалык коридорду түзүп, өнүгүүгө кошумча дем берүүдө.
Өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири — ОАО «Элдик Банк» менен WeChat Pay ортосунда QR-төлөмдөрдү интеграциялоо болуп саналат. Бул Eldik тиркемесинин колдонуучуларына Кытайда товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө, ал эми WeChat Pay колдонуучуларына Кыргызстан аймагында кадимки төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада жарандар, туристтер жана бизнес үчүн бирдиктүү, ыңгайлуу төлөм чөйрөсү түзүлөт.
Ошондой эле тараптар трансчек аралык акча которууларды жана улуттук валюталарда, анын ичинде кытай юанында эсептешүүлөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашууда. Бул эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшү шартында өзгөчө актуалдуу.
Tencent менен кызматташуу алдыңкы финтех-чечимдерге жана санариптик төлөмдөр жаатындагы эл аралык тажрыйбага жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып, узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктүн негизин түзөт.
Учурда Элдик Банктын делегациясы Shaanxi Silk Road Expo көргөзмөсүнө катышууда. Форумдун алкагында Башкарманын мүчөсү Айджан Кариева банкты, анын ишмердүүлүгүн жана инвестициялык потенциалын тааныштырып жатат.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында China Construction Bank менен бир катар жолугушуулар өтүп, анда Кыргызстан менен Кытайдын бизнеси үчүн биргелешкен чечимдер талкууланды.
Кыргызстан Борбор Азияда регионалдык кызматташуунун маанилүү аянтчасы катары өз ордун бекемдөөдө. Бул контекстте Элдик Банк Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда санариптик каржылык көпүрө түзгөн ишенимдүү өнөктөш катары чыгууда.






