Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк - "Гендердик теңчилик үчүн коңгуроо кагабыз"- «Ring the Bell for Gender Equality» аземинин өнөктөшү

06 марта 2026

Элдик Банк - "Гендердик теңчилик үчүн коңгуроо кагабыз"- «Ring the Bell for Gender Equality» аземинин өнөктөшү

Бишкек шаарында “Бардык аялдар жана кыздар үчүн Укуктар. Адилеттүүлүк. Аракет” урааны менен "Гендердик теңчилик үчүн коңгуроо кагабыз" («Ring the Bell for Gender Equality») аталышында гендердик теңчиликти колдоо соодасынын 6-жыл сайынкы аземи Кыргыз фондулук биржасы тарабынан Кыргыз Республикасындагы БУУ-Аялдар түзүмү менен биргеликте өткөрүлдү.

Элдик Банк иш-чарага өнөктөш болуу менен, аялдар жана кыздар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздай алган демилгелерди колдоого ынтызарлыгын, ошондой эле, Кыргызстандагы туруктуу жана инклюзивдүү экономиканы калыптандырууга көмөктөшөөрүн баса белгиледи.

Иш-чара бизнес, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн гендердик теңчиликтин институционалдык негиздерин жана аялдардын экономикалык укуктарын камсыздоодо сот адилеттигинин ролун талкуулоо үчүн бириктирди.

 “Элдик Банк” ААКнун БУУ-Аялдар түзүмү жана БУУнун Глобалдык келишим кеңсесинин “Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү принциптери” (WEPs) – Бизнес тең укуктуулукту билдирет” глобалдык демилгесине кол коюусу – аталган аземдин урунттуу учуру болду. Бул кадам Банктын корпоративдик башкарууга, кадр практикасына жана финансы продукттарын өнүктүрүүгө гендердик мамилени системалуу түрдө интеграциялоого, ошондой эле, аял ишкерлерди колдоону кеңейтүүгө болгон милдеттенмесин бекемдейт.

БУУ-Аялдар түзүмүнүн өкүлү доктор Сайед Садик мындай деп белгиледи:"Бүгүн биз үчүн өзгөчө маанилүү, анткени Элдик Банк биздин демилгеге кошулду. Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу резолюцияга кол коюу гендердик теңчилик принциптерин бекемдөө жана аялдардын экономикалык жана коомдук иштерге катышуусун колдоо үчүн олуттуу кадам болуп саналат".

Өз кезегинде, Элдик Банк Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова буларды кошумчалап кетти: "Финансы институттары ишеним инфраструктурасынын бир бөлүгү болуп саналат. Биздин милдетибиз - каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыздап гана тим болуу эмес, ошондой эле адилеттүү жана инклюзивдүү каржы системасын түзүү. Тең мүмкүнчүлүктөр - бул туруктуу экономикалык өнүгүүнүн негизи".

 Мындан тышкары, Айчүрөк Жакыпова каржы секторунун тең мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүдөгү ролуна арналган панелдик талкууга катышты. Ал өз сөзүндө "Гендердик теңчилик үчүн коңгуроо кагабыз" демилгесине катышуу Элдик Банктын туруктуу өнүгүү принциптерин бекемдөөгө, ESG-мамилелерин ырааттуу интеграциялоого жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө карата стратегиялык багытынын ийгиликтүү жылышы болуп калды.