Элдик Банк финансылык сабаттуулук боюнча жыйынтыктоочу тренинг өткөрдү

Элдик Банк Кыргызстандагы аманат ишинин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ишке ашырылган финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган улуттук демилгени ийгиликтүү жыйынтыктадык. Жыйынтыктоочу иш-чара Кыргыз-Россия Славян университетинде өттү.
Ачылыш сөзү менен «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова чыгып сүйлөп, жаштар арасында финансылык сабаттуулукту калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жеке каражаттарды туура башкаруу жөндөмү ийгиликтүү келечекти курууда маанилүү көндүм экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын спикерлери катары инвестициялар жана финансылык сабаттуулук боюнча эл аралык эксперт Алексей Веретенов, ошондой эле 1.1 Studio студиясынын негиздөөчүсү жана режиссёру Данияр Болотбеков катышты. Тренингдин жүрүшүндө студенттер финансылык пландоо, инвестициялар жана жеке бюджетти башкаруу тууралуу маалымат алышып, ошондой эле жеке брендди өнүктүрүү жана ийгиликтүү долбоорлорду түзүү боюнча пайдалуу билимдерге ээ болушту. Мындан тышкары катышуучулар үчүн интерактивдүү оюн уюштурулуп, эң активдүү студенттерге белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, тренингдер сериясы Кыргызстандын бардык аймактарын камтып, өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген студенттерди бириктирди. Бул демилге жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана аларды заманбап финансылык инструменттер менен тааныштырууга жардам берди.
















