Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Жаратылыш ресурстары министрлигинде Элдик Банк менен климаттык долбоорлор боюнча жолугушуу өттү

08 апреля 2026

Жаратылыш ресурстары министрлигинде Элдик Банк менен климаттык долбоорлор боюнча жолугушуу өттү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде «Элдик Банк» ААКнун катышуусунда климаттык жана жаратылышты коргоо долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине арналган жолугушуу болуп өттү.

Министрлик тарабынан «Элдик Банк» ААК ири эл аралык климаттык механизм — Жашыл климаттык фонд (ЖКФ) боюнча түз жеткиликтүүлүк макамын алуу жол-жобосун ийгиликтүү аяктаганы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Банкты бул жетишкендик менен куттуктап, жүргүзүлгөн иштердин маанилүүлүгүн жана тараптар ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Өзгөчө белгиленгендей, «Элдик Банк» ААК өлкөдө биринчи жана бүгүнкү күндө аталган макамды кыска мөөнөттө алган жалгыз банк болуп саналат. Бул жыйынтык тараптардын макулдашылган жана конструктивдүү биргелешкен ишинин, ошондой эле процесстин бардык этаптарында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн институционалдык колдоонун натыйжасы экени белгиленди.

Өз кезегинде «Элдик Банк» ААК Башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев Министрликке Банкка түз жеткиликтүүлүк макамын алуу процессинде көрсөткөн ар тараптуу колдоосу жана натыйжалуу кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгиленгендей, алынган макам эл аралык каржылоону тартуу жана климат жана экология тармагында ири улуттук демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча долбоорлорду илгерилетүү үчүн тыгыз кызматташууну улантууга жана күч-аракеттерди бириктирүүгө даяр экенин тастыкташты:

• климаттык демилгелерди өнүктүрүү
• жаратылышты коргоо программаларын ишке ашыруу
• кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы долбоорлорду колдоо

Өзүнчө белгиленгендей, аталган багыттар Кыргыз Республикасынын экологиялык жана туруктуу өнүгүү жаатындагы улуттук артыкчылыктарына толук шайкеш келет.