30 марта 2026
Элдик Банк менеджмент боюнча эл аралык олимпиаданын өнөктөшү болду

«Элдик Банк» ААК Бишкек мамлекеттик университети им. К. Карасаев тарабынан уюштурулган менеджмент боюнча эл аралык олимпиаданын өнөктөшү болду.
Кызматташтыктын алкагында Банк жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо үчүн белектерди жана бренддик продукцияларды сунуштады. Бул демилге студенттердин стратегиялык жана инновациялык башкаруу көндүмдөрүн, ошондой эле эл аралык долбоорлорду экономикалык баалоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле Банктын кызматкери Даниил Луковский эксперттик комиссиянын курамында катышып, катышуучулардын иштерин баалоого салым кошту.
«Элдик Банк» жаштардын кесиптик өнүгүүсүнө, билим берүү демилгелерине жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө багытталган долбоорлорду колдоону улантат.










