Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Илбирс" филиалы жаңыланды

25 сентября 2025

"Илбирс" филиалы жаңыланды

Урматтуу кардарлар!

«Илбирс» филиалы жаңыланып, сиздер үчүн мурдагыдан да ыңгайлуу болду. Эми шаар борборунда, Киев көчөсү 77 дарегинде жайгашкан кең, заманбап кеңседе ар бир кардар ыңгайлуу шарттарда сапаттуу тейлөөдөн өтө алат.

Экинчи кабатта юридикалык жактарды тейлөө үчүн атайын чоң кеңсе ачылды. Филиалда жалпы төмөнкүдөй финансылык кызматтар көрсөтүлөт:

  • кредит берүү;

  • эл аралык жана улуттук Visa, Mastercard, Элкарт карталарын ачуу жана тейлөө;

  • мобилдик банкинг;

  • депозиттер, овердрафттар, акча которуулар;

  • төлөмдөрдү кабыл алуу жана башка кызматтар.

«Илбирс» филиалы — бул заманбап сервис, ишенимдүүлүк жана ар бир кардарга көңүл буруу.