Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Mastercard карталарына дүйнө боюнча которуулар эми Eldik тиркемесинде

14 мая 2026

Mastercard карталарына дүйнө боюнча которуулар эми Eldik тиркемесинде

Дүйнөнүн каалаган банкынын Mastercard карталарына акчаңызды тез, ыңгайлуу жана банкка барбастан жөнөтүңүз. Которуулар 100дөн ашуун өлкөдө жеткиликтүү, анын ичинде Франция, Германия, Италия, Индия, Грузия, Түркия жана Кыргызстан бар.

Эмнеси менен ыңгайлуу?

• Онлайн которуулар 24/7 жеткиликтүү
• Алуучунун карта номери гана керек
• Mastercard карталарына дүйнө боюнча түз которуу

Eldik мобилдик банкингинде которууну кантип жөнөтсө болот?

Башкы меню → Төлөмдөр → Mastercard → Картанын номерин жана алуучунун аты-жөнүн киргизиңиз → Сумманы көрсөтүңүз → Төлөө

Комиссия:

5 сомдон 25 000 сомго чейин — 250 сом
25 000 сомдон жогору — 1%

MasterCard колдогон өлкөлөрдүн тизмеси бул жерде.