26 февраля 2026
Элдик Банктан 3% менен асыл тукум мал чарбасын колдоо!

Элдик Банк Кыргызстанда асыл тукум багытын өнүктүрүп жаткан фермерлер жана чарбалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, баалуу ири мүйүздүү мал малдары менен иштегендерге атайын каржылоо программасын ишке киргизди.
Программа кимдерге ылайыктуу:
- КР Министрлер Кабинетинин тизмесине кирген асыл тукум заводдорго жана фермаларга;
- Асыл тукум мал багуучу фермерлерге, ЖИге жана импорттоочуларга;
- Техник-уруктандыруучуларга
Максаты: Асыл тукум мал чарбасын колдоо, породаларды жакшыртуу жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу.
Кредиттин шарттары:
- Суммасы: 20 000 000 сомго чейин
- Техник-уруктандыруучулар үчүн: 2 000 000 сомго чейин
- Үстөк пайызы: болгону 3% жылдык (НПЧ 3,04%)
- Мөөнөтү: 60 айга чейин
- Жеңилдетилген мезгил – 6 ай
- 500 000 сомго чейин – күрөөсүз
Күрөө жетишсиз болгон учурда «Гарантиялык фонд» ААКтын кепилдиги мүмкүн.
Алатау, герефорд, голштин, симментал, айшир, бурая швиц жана галловей сыяктуу породалар колдоого алынат. Чарбаны өнүктүрүүнүн кийинки кадамын жасаңыз - Элдик Банктан жеңилдетилген кредит алыңыз!







