10 июня 2026
ОСАГОну жаңыртуу мезгили келди — камсыздандырууну Eldik тиркемесинен тариздеңиз

Эми милдеттүү камсыздандыруу үчүн керектүү нерселердин баары кеңсеге барбай эле, бир нече баскыч менен жеткиликтүү.
ОСАГО деген эмне?
Бул жол кырсыгы учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына келтирилген зыянды жабуучу айдоочунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу.
- KG мамлекеттик номурлуу бардык автоунаалар үчүн милдеттүү
- Электрондук полис — кагаз түрү талап кылынбайт
- Мөөнөтү: 5 күндөн 1 жылга чейин
- Баасы жекече эсептелет: автоунаага, айдоочунун тажрыйбасына жана аймакка жараша
Eldik тиркемесинде ОСАГОну кантип тариздесе болот:
• Eldik тиркемесине кир → «Сервистер» бөлүмү → «Менин авто» → ОСАГО
• «Камсыздандырууну тариздөө» баскычын бас
• Автоунааңды танда (эгер бир нече болсо) жана «Улантуу» бас
• Маалыматтар автоматтык түрдө толтурулат
• Камсыздандыруу компаниясын, мөөнөтүн жана колдонуу максатын танда
• Оферта менен таанышып, полисти төлө — даяр
Eldik аркылуу ОСАГОну тариздеп, ар бир сапарыңызда ишенимдүү болуңуз.









