21 июля 2026
«ESG – лидер» улуттук сынагына арыздарды кабыл алуу мөөнөтү узартылды

«ESG – лидер» улуттук сынагына арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 10-августуна чейин узартылды!
Эгерде сиз чакан же орто бизнестин өкүлү болуп, туруктуу өнүгүү багытындагы долбоорлорду ишке ашырып жатсаңыз, сынакка катышууга шашылыңыз!
Номинациялар:
- Жылдын мыкты климаттык долбоору
- Туруктуу өнүгүүдөгү жылдын инновациясы
- Аялдар ишкерлигиндеги мыкты жашыл долбоор
Ар бир номинациянын жеңүүчүсү 150 000 сом сыйлыкка ээ болот. Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Mastercard жана «Элдик Банк» ААК.
Катышуунун толук шарттары жана сынактын эрежелери бул жерде.









