24 сентября 2026
Юридикалык жактар үчүн мөөнөттүү депозиттерге акция!
«Элдик Банк» ААК юридикалык жактар үчүн «Солидный депозит» акциясын өткөрөт.
Акциянын шарттары:
- Акциянын катышуучулары: Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес юридикалык жактар;
- Депозиттин валютасы: кыргыз сому;
- Депозиттин минималдуу суммасы: 1 млрд сомдон жогору;
- Депозиттин мөөнөтү: 12 ай;
- Депозит боюнча пайыздык чен: жылдык 11%.
Депозит мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда пайыздарды эсептөө шарттары:
- депозит ачылган күндөн тартып 6 айга чейин — жылдык 5%;
- 6 айдан 9 айга чейин — жылдык 9%;
- 9 айдан 12 айга чейин — жылдык 11%.
Акциянын мөөнөтү: 2026-жылдын 24-сентябрынан 1-октябрына чейин. Акча каражаттарын жайгаштыруунун жана мөөнөттүү депозитти тариздөөнүн шарттары жөнүндө толук маалымат алуу үчүн «Элдик Банк» ААКнын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз. Акча каражаттарын жайгаштыруунун шарттары мөөнөттүү депозит келишими жана Банктын ички документтери менен аныкталат.
«Элдик Банк» ААК кардарды тандоо укугун өзүнө калтырат.



