Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Бишкекте ислам каржысын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз-Казак тегерек столу болуп өттү

17 июля 2026

Бишкекте ислам каржысын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз-Казак тегерек столу болуп өттү

Бишкекте ислам каржысын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз-Казак тегерек столу болуп өттү

2026-жылдын 15-июлунда «Элдик Банк» ААКсынын Ислам терезесинин өкүлдөрү Кыргыз-казак тегерек столуна катышты. Аталган иш-чара Бишкек шаарында Ислам каржы ассоциациясынын демилгеси менен өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, каржы уюмдарынын, эл аралык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү, эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү жана бизнес өкүлдөрү катышып, ислам каржы индустриясын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, исламдык банкингди жана исламдык банк терезелерин өнүктүрүү, исламдык микрокаржылоо, исламдык камсыздандыруу (такафул), исламдык баалуу кагаздар рыногун (сукук) өнүктүрүү, ошондой эле ислам каржы тармагында эл аралык стандарттарды жана санариптик чечимдерди киргизүү маселелерин карашты.

«Элдик Банк» ААКсынын Ислам терезесинин өкүлдөрүнүн бул иш-чарага катышуусу Банктын Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана тармактагы негизги катышуучулар менен кызматташтыкты чыңдоого болгон умтулуусун көрсөтөт.

«Элдик Банк» ААКсы ислам каржы кызматтарын өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүүнү улантып, кардарларга заманбап, ачык-айкын жана Шариат принциптерине ылайык келген банктык продукттарды сунуштайт.