Жашыл кредиттер пайдалуу шарттарда

Элдик Банк экологиялык долбоорлорду каржылоо үчүн атайын шарттарды сунуштайт. Акциянын алкагында коммерциялык максаттарга багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча пайыздык чен 16%дан 12%га чейин төмөндөтүлдү. Натыйжалуу пайыздык чен - 12,67%дан баштап.
Кредиттөө төмөнкү багыттар боюнча долбоорлор үчүн жеткиликтүү:
• кайра жаралуучу энергия булактары;
• энергияны натыйжалуу пайдалануу жана үнөмдөө;
• айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана калдыктарды кайра иштетүү;
• экологиялык таза транспорт жана кубаттоо инфраструктурасы;
• климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу;
• калдыксыз технологиялар жана өндүрүш;
• жаратылыш жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу;
• энергияны үнөмдөөчү жана «жашыл» имараттарды куруу.
Экологиялык долбоорлорду Элдик Банк менен пайдалуу шарттарда каржылаңыз.







