Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар


Долбоор менеджери (Middle/Middle+)

Башкы кеңсе
Эмгек тажрыйбасы: 2 жылдан баштап
Иллюстрация карьеры

Элдик Банктын командасы төмөнкү орунга талапкерлерди чакырат: Долбоор менеджери (Middle/Middle+)

Биз сунуштайбыз:

  • Активдүү спорттук жашоо (футбол, волейбол, баскетбол, шахмат жана киберспорт боюнча машыгуулар жана турнирлерге катышуу)
  • Жеңилдетилген кредиттөө жана ипотека программалары
  • КР Эмгек кодексине ылайык таризделет
  • Конференцияларга катышуу, квалификацияны жогорулатуу жана үзгүлтүксүз окутуу (тренингдер, лекциялар, вебинарлар, англис тили курстары)
  • Татыктуу эмгек акы жана сыйлыкакы төлөмдөр
  • Өнөктөш компаниялардан арзандатуулар (мед.лабораториялар, ресторандар, дүкөндөр ж.б.)

Милдеттер:

  • Берилген ыйгарым укуктардын чегинде бекитилген долбоорлорду ишке ашырууну уюштуруу жана координациялоо, пайда болгон тобокелдиктерди, көйгөйлөрдү жана четтөөлөрдү өз убагында аныктоону жана эскалациялоону камсыз кылуу.
  • Долбоорлорду башкаруунун маалыматтык системаларында долбоордук тапшырмаларды жүргүзүү, долбоордун катышуучуларына бекитилген тапшырмалардын статустарын өз убагында түзүүнү, актуалдаштырууну жана көзөмөлдөөнү камсыз кылуу.
  • Долбоорлордун максаттарына жетүүгө, бекитилген пландарды жана максаттуу көрсөткүчтөрдү аткарууга багытталган иш-чараларды аткарууну уюштуруу жана координациялоо.
  • Долбоордук иш-чаралардын белгиленген мөөнөттө жана сапатка коюлган белгиленген талаптарды сактоо менен аткарылышын көзөмөлдөө.
  • Долбоордук тобокелдиктерди, көйгөйлөрдү жана четтөөлөрдү өз убагында аныктоо, талдоо жана маалымдоо, ошондой эле аларды минималдаштыруу иш-чараларын ишке ашырууга катышуу.
  • Ыйгарым укуктардын чегинде чечүү мүмкүн болбогон тобокелдиктерди, көйгөйлөрдү, тоскоолдук кылуучу факторлорду жана четтөөлөрдү жетекчиликке өз убагында эскалациялоо.
  • Долбоордук документтердин жана отчеттуулуктун толуктугун, ишенимдүүлүгүн жана актуалдуулугун камсыз кылуу.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын, Банктын ички ченемдик документтеринин, маалыматтык коопсуздуктун, жеке маалыматтарды коргоонун жана тобокелдиктерди башкаруунун талаптарын сактоо.
  • Купуялуулук режимин сактоо жана банктык, коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка маалыматтын сакталышын камсыз кылуу.
  • Ички эмгек тартибинин эрежелерин, Корпоративдик этика кодексин жана Банктын башка ички ченемдик документтерин сактоо.
  • Долбоорлорду башкаруу, санариптик банкинг жана санариптик продуктулар чөйрөсүндө кесиптик квалификациясын дайыма жогорулатуу жана билимин өркүндөтүү.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн берилген Банктын мүлкүнүн, жабдууларынын жана башка материалдык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу.

Талабдар:

  • Долбоорлорду башкаруунун негиздерин жана классикалык жана ийкемдүү методологияларды (Agile, Scrum, Kanban ж.б.) колдонуу менен долбоорлорду ишке ашыруу практикасын билүү.
  • Санариптик банктык продуктуларды жана аралыктан тейлөө каналдарын башкаруунун принциптерин билүү, тобокелдиктерди, өзгөртүүлөрдү, мөөнөттөрдү жана долбоорлорду ишке ашыруунун сапатын башкаруунун принциптерин билүү.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын жана Банктын банк иши, маалыматтык коопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча ички ченемдик документтерин билүү.
  • Долбоордук, аналитикалык жана башкаруучулук отчеттуулукту даярдоо көндүмдөрү.
  • MS Office (Word, Excel, PowerPoint) менен ишенимдүү иштөө, жакшысы Jira, Confluence, Miro, Figma жана долбоорлорду башкаруунун башка куралдарын билүү.

Резюме калтырыңыз