Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Самозапрет

Кыргызстандабиринчи жолу «Элдик Банк» «Онлайн насыя алууга өз алдынча тыюу салуу» кызматын ишке киргизүүдө. Банктын онлайн кредиттик чечимдеринин ишке кириши алдында «өзалдынча тыюу салуу» функциясы алдамчылык фактыларынын алдын алуу максатында иштелип чыккан. Анын маңызы – МИБ аркылуу онлайн кредит алууга мүмкүнчүлүктүбөгөттөө. «Өз алдынча тыюу салуу 1.0» мүмкүнчүлүгү «Жөндөөлөр» -> «Купуялуулук» бөлүмүндө жеткиликтүү,анда Банк кардары онлайн кредиттик продуктыларга бөгөт коюуну активдештире алат. 2.0 версиясында –үй-бүлө мүчөлөрү үчүн тыюу салууну ишке ашыруу жана башка банктар менен ачык стандарттар боюнча маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгууда. Булкиберкоркунучтарды башкаруу чараларын күчөтүүгө багытталган. *Өз алдынча тыюу салуу механизми боюнча демилге — банктын кеңири масштабдагы El.Kalkan киберкоргонуу долбоорунун компоненттеринин бириболуп саналат.