АӨБ, CIF жана Элдик Банк Кыргызстанда климаттык каржылоону кеңейтет

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) «Элдик Банк» ААКка 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүү боюнча документке кол коюшту. Бул колдоо Банкка дыйкандарды, ишкерлерди жана айыл чарба ишканаларын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду каржылоону кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Техникалык жардам Климаттык инвестициялык фонддордун (CIF) Климаттык туруктуулукту жогорулатуу боюнча Пилоттук программасынын (PPCR) алкагында каржыланат. Каражаттар ААК «Элдик Банктын» ичинде Адаптация жана туруктуулукту каржылоо механизми (ARFF) түзүүгө, климаттык тобокелдиктерди баалоо боюнча Банктын потенциалын чыңдоого жана тиешелүү каржылык продукттарды иштеп чыгууга багытталат.
ARFF механизми ишканалардын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн климаттык туруктуулукту жогорулаткан, өндүрүмдүүлүктү жакшырткан жана жашоо каражаттарын сактоого көмөк көрсөткөн долбоорлорду каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

«Биз Азия өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоордун ишке киргизилишине кубанычтабыз. Анын алкагында «Элдик Банк» ААК менен кызматташтыкта климаттык адаптацияны каржылоо механизми түзүлөт. Бул демилге мамлекеттин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана финансы секторунун күч-аракеттерин бириктирип, өлкөнүн артыкчылыктуу климаттык долбоорлоруна узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн туруктуу негиз түзөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов.

“Климаттык инвестициялык фонддордун колдоосу менен АӨБ климаттык тобокелдиктердин күчөшүнө туш болгон фермерлерге, ишкерлерге жана жергиликтүү жамааттарга климаттык каржылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу механизмди түзүүгө көмөк көрсөтүүдө», — деп билдирди АӨБнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву.. — «Элдик Банк» ААКнын дараметин чыңдоо жана ишке ашырууга жөндөмдүү инвестициялык долбоорлордун портфелин түзүү суу коопсуздугун камсыз кылууга, азык-түлүктү туруктуу өндүрүүгө жана экономиканын туруктуу өсүшүнө багытталган каржылоону мобилизациялоого өбөлгө түзөт »

«Бул механизм Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын каржылоонун жаңы ыкмасын сунуштайт», — деп белгиледи АӨБнин Энергетика секторунун Башкармалыгынын жаңы багыттар боюнча тобунун директору Синди Тиангко. — «Өлкөнүн алдыңкы финансылык институттарынын бири менен өнөктөштүктө биз келечекте кеңири жайылтууга мүмкүн болгон механизмди түзүп жатабыз. Бул механизм климаттык каржылоону түздөн-түз ишканаларга жеткирүүгө, ошол эле учурда Банктын климаттык туруктуулукту жогорулатууга багытталган инвестицияларды колдоо боюнча узак мөөнөттүү институционалдык дараметин бекемдөөгө шарт түзөт. ».
«Жергиликтүү коомчулуктардын жана ишканалардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусуна көмөк көрсөтүү финансы секторунун негизги артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланууда », — деп билдирди «Элдик Банк» ААКнын Башкармалыгынын мүчөсү Айджан Кариева. — «Азия өнүктүрүү банкы жана Климаттык инвестициялык фонддор менен өнөктөштүктүн алкагында биз фермерлер менен ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтебиз. Бул аларга климаттык туруктуулукту жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулаткан заманбап технологияларды киргизүүгө, ошондой эле ишмердигин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзөт. .»
« Долбоордун алкагында потенциалдуу кардарларга, анын ичинде аялдар жетектеген ишканаларга өзгөчө көңүл бурулат. Аларга климаттык туруктуу технологиялардын артыкчылыктарын баалоого жана ишке ашырууга ылайыктуу инвестициялык сунуштарды даярдоого көмөк көрсөтүүчү максаттуу консультациялык колдоо көрсөтүлөт..»
« Техникалык жардам ошондой эле келечекте ARFF механизми аркылуу каржылоого сунуштала турган адаптациялык долбоорлордун портфелин калыптандырууга да көмөк көрсөтөт. Узак мөөнөттүү келечекте бул демилге климаттык насыялоонун туруктуу моделин түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын финансы секторунда климаттык туруктуулукту жогорулатуучу инвестицияларды кеңейтүүгө да өбөлгө түзөт.

«Маалыматтык маалымдама:
Азия өнүктүрүү банкы жөнүндө
Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) — Азия‑Тынч океан аймагында туруктуу, инклюзивдүү жана климаттык туруктуулукка багытталган өсүштү өбөлгө түзгөн алдыңкы көп тараптуу өнүктүрүү банкы болуп саналат. 1966‑жылы негизделген АӨБге 69 мамлекет мүчө, алардын 50-сү аймактын өлкөлөрү
Климаттык инвестициялык фонддору жөнүндө
Климаттык инвестициялык фонддору дүйнөдөгү эң ири көп тараптуу климаттык каржылоо механизмдеринин бири болуп саналат. Алар өнүгүп жаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чараларын тездетүүгө көмөк көрсөтүп, таза энергетикага инвестиция салууга, климаттык туруктуулукту жогорулатууга, туруктуу жер пайдаланууга жана табиятка багытталган чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
«Элдик Банк» ААК
«Элдик Банк» ААК Кыргыз Республикасынын алдыңкы банктарынын бири болуп, өлкө боюнча жеке адамдарга, ишкерлерге жана корпоративдик кардарларга кеңири каржылык кызматтарды көрсөтөт. Банк санариптештирүүгө, каржылоонун жеткиликтүүлүгүнө жана туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Элдик Банк Кыргызстандын Жашыл климаттык фонду тарабынан аккредиттелген биринчи банк болуп саналат, бул жашыл жана климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.









