Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Мен кыялым үчүн топтойм» акциясы - Өз долбооруңду ишке ашыруу үчүн 100 000 сом ал!

10 февраля 2026

«Мен кыялым үчүн топтойм» акциясы - Өз долбооруңду ишке ашыруу үчүн 100 000 сом ал!

100 000 сом - кыялыңды ишке ашыруу үчүн!

Эгер сен студент болуп, адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртө ала турган идеяң болсо - чыгармачылыкта, илимде, экологияда же социалдык багытта - анда биринчи кадам жасоого дал азыркы учур.

Элдик Банк Кыргызстандагы сактык ишинин 100-жылдыгына карата «Мен кыялым үчүн топтойм» акциясын баштайт. Бул демилге тайманбас идеяларды жана кыялын чыныгы долбоорго айлантууга даяр жаштарды колдоо үчүн уюштурулууда.

10 жеңүүчү өз идеяларын ишке ашыруу үчүн 100 000 сомдон алышат.

Кантип катышса болот?

  • Видео тартып, долбооруң тууралуу айтып бер. Идеяң эмне үчүн маанилүү экенин жана кыялыңа жетүү жолунда кандай кадамдарды жасаганыңды көрсөт.
  • Видеону Instagram’га #ЭлдикБанкмененкыялдан хэштеги менен жарыяла жана @eldikbank_kg аккаунтун белгиле.
  • Элдик Банктан онлайн эсеп ач, Eldik мобилдик банкингин кошуп, долбооруң үчүн 3000 сомдон кем эмес акча топто. Бул өз идеяңа салган алгачкы салымыӊ.

Акциянын мөөнөттөрү:

Акция 2026-жылдын 10-февралынан 10-ноябрына чейин үч этапта өтөт.

  • 1-этап: 10.02 – 10.05.2026
  • 2-этап: 10.05 – 10.08.2026
  • 3-этап: 10.08 – 10.11.2026

Биринчи жана экинчи этаптарда - 3төн жеңүүчү, үчүнчү этапта - 4 жеңүүчү аныкталат.

Жеке да, команда болуп да катышууга болот.

Акциянын толук эрежелери бул жакта.

 

Eldik мобилдик тиркемесин туташтыруу үчүн:

App Store же Play Marketтен тиркемени жүктөп алыңыз - бул жакта. Аны ачып, «Тиркемеде катталуу» баскычын басыңыз. Телефон номериңизди жана ПИНди - ID паспортунун арткы бетинде көрсөтүлгөн 14 орундуу жеке идентификациялык номурду киргизиңиз.

Сунушталган сүрөттөгү текстти киргизиңиз. Көрсөткөн телефон номериңизге код камтылган СМС келет. Аны тиешелүү талаага киргизип, «Тастыктоо» баскычын басыңыз. Берилген документтер менен таанышып, макулдугуңузду ырастоо үчүн белгилерди коюп, «Улантуу» баскычын басыңыз. Документтерге кол коюу үчүн СМСтен келген кодду киргизиңиз.

Каттоону аяктоо үчүн онлайн-идентификациядан өтүп, паспортуңузду эки тарабын тең сүрөткө тартыңыз. Киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшериңиз. Андан соң инсанды тастыктоо үчүн экрандагы овалдын ортосуна жүзүңүздү жайгаштырыңыз.

Коопсуздук талаптарына ылайык жаңы сырсөз ойлоп таап, киргизип, аны ырастаңыз. Тиркемеге ыңгайлуу кирүү үчүн тез жетүү кодун түзүңүз.