Банктык кепилдиктер жана аккредитивдер
Банктык кепилдиктер
Кепилдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоонун эң артыкчылыктуу түрлөрүнүн бири болуп саналат, анткени ал бардык тараптан ишенимдүү.
«Элдик Банк» ААК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эл аралык банктык практикага ылайык кепилдиктердин ар кандай түрлөрүн берет, анын ичинде:
• контрактрады талаптагыдай аткарууга кепилдиктер;
• төлөм кепилдиктери;
• алдын ала төлөмдү кайтаруу кепилдиги;
• бажы органдарынын пайдасына кепилдиктер;
• салык органдарынын пайдасына кепилдиктер (анын ичинде КНСтин ордун толтуруу боюнча арыз боюнча);
• тендердик кепилдиктер (тооруктарга/конкурстарга катышуу үчүн);
• кепилдик милдеттенмелердин башка түрлөрү.
Банк, ошондой эле, башка банктардын кепилдиктери менен операцияларды жүзөгө ашырат: бенефициарлардын пайдасына кыргыз жана чет өлкө банктарынын кепилдигин тастыктайт; кардарлардын өтүнүчү боюнча башка банктардын кепилдиктерине коюлган колдорду текшерет жана кепил банктардвн даректерине бул банктардын кепилдиги боюнча төлөө талаптарын жөнөтөт.
Банктын акчасыз кепилдик берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби кредитке арызды кароо жол-жобосуна окшош.
«РСК» ААК Банкында жайгаштырылган 100% акча менен камсыздоо аркылуу банктык кепилдиктерди берүүнүн жөнөкөй жол-жоболору «Элдик Банк» ААК тарабынан белгилеген жана иштеп жатат.
“Элдик Банк” ААК менен узак мөөнөттөн бери өнөктөш мамилеге ээ кардарлар үчүн документтик операцияларды жүргүзүүгө чек (лимит) коюуга болот.
Кепилдик берүү үчүн комиссия өлчөмү бүтүмдө келип чыккан тобокелдерди баалоого (кепилдиктин түрү, анын суммасы жана колдонуу мөөнөтү, камсыздоонун көлөмү жана өтүмдүүлүгү ж.б.) жараша ар бир бүтүм боюнча жекече белгиленет.
Контр кепилдиктерге байланыштуу кепилдиктер:
• кардарлардын кайрылуусу боюнча «Элдик Банк» ААКнын контр кепилдиктерине корреспондент банктардын кепилдиктерди берүүсүн уюштуруу. Кепилдиктер контрактардын жана тендерлердин алкагында «Элдик Банк» ААК кардарларынын контрагенттеринин пайдасына берилет;
• «Элдик Банк» ААК тарабынан корреспондент банктардын контр кепилдиктерине байланыштуу өз кардарларынын пайдасына кепилдиктерди берүү. Кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди аткаруучу (принципал) болуп контракттардын жана тендерлердин алкагында «Элдик Банк» ААК кардарларынын контрагенттери саналат.
Аккредитивдер
Аккредитив контракт (келишим) боюнча эсептешүүлөрдө эки тараптын тең кызыкчылыктарын бирдей коргогон эң натыйжалуу төлөм формасы болуп саналат.
«РСК Банк» ААК эл аралык жана кыргыз практикасына ылайык документтик аккредитивдер (анын ичинде резервдик) боюнча, анын ичинде, сооданы каржылоо инструменти катары аккредитивди колдонуу менен стандарттуу эмес жана татаал структураланган схемалар боюнча операциялардын кеңири спектрин жүзөгө ашырат, бул бизге биздин кардарлардын тышкы соода операцияларын каржылоого, анын ичинде, чет өлкөлүк финансы институттарынын каражаттарын тартуунун эсебинен мүмкүнчүлүк берет.
“РСК Банк” сунуштайт:
• чет өлкө валютасында жана кыргыз сомунда кайсы болбосун формадагы, түрдөгү жана үлгүдөгү аккредитивдерди ачууну жана аткарууну;
• кардарлар тарабынан, нак акчадан башка (Банкта тиешелүү кредиттик лимитти белгилөө шартында) камсыздоону бергенде аккредитивдерди ачууну;
• кардарларга алардын пайдасына ачылган аккредитивдер жана аларга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Банктын ырастоосусуз жана толуктоосу менен тастыктоону (кабарлоо);
• башка эмитент-банктар тарабынан берилген аккредитивдер боюнча төлөмдөрдү талап кылуу үчүн документтерди даярдоодо кардарларга консультация берүүнү жана каражаттардын түшүүсүнө текшерүү жүргүзүүнү;
• операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде төлөө шарттары боюнча кардар келишимдерин иштеп чыгууну, контрагент менен макулдашуу үчүн аккредитивдердин долбоорлорун түзүүнү.
Банктын накталай камсыздандыруусу жок аккредитив ачуу жөнүндө чечимди кабыл алуу жол-жобосу кредиттик арызды кароо тартибине окшош.









