17 июня 2026
«Социалдык келишим» программасынын катышуучулары үчүн пайызсыз кредит

Элдик Банк өз ишин баштаган жарандарды колдоону улантат.
Эгер сиз «Социалдык келишим» программасы аркылуу жардам алган болсоңуз — эми бизнесиңизди кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Бул эмне берет?
Мурда алынган каражаттардын негизинде башталган бизнесиңизди же көмөкчү чарбаңызды кеңейтүү жана колдоо үчүн кошумча жеңилдетилген каржылоо — пайызсыз.
Максаттуу колдонуу:
Кредитти төмөнкү багыттарга жумшай аласыз:
• айыл чарба
• өндүрүш
• соода
• кызмат көрсөтүү тармагы
Кредиттин шарттары:
• Мөөнөтү — 36 айга чейин
• Пайыздык чен — 0%
• Валюта — сом
Суммасы жана камсыздоо:
• 10 000 – 100 000 сом — күрөөсүз жана кепилсиз
• 100 001 – 200 000 сом — кепилдик жана/же камсыздоо менен
Бизнесиңизди кеңейтүүнү бүгүн баштаңыз.
📞 9111









