«Элдик Банк» ААКнун делегациясы Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен жолугушуу өткөрдү
Пекин шаарында «Элдик Банк» ААК менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (ГБРК) ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда тараптар кызматташууну чыңдоо жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү ниетин ырасташты.
Жолугушууга «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана ГБРКнын Башкармалыгынын Төрагасы Тан Цзюн мырза катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү үч багытта жаңы кредиттик линияларды ачуу боюнча макулдашууларга жетишилди:
- чакан жана орто бизнести колдоо;
- лизингди каржылоо;
- туруктуу өнүгүү долбоорлорун ишке ашыруу — мини-ГЭСтер, күн панелдери жана башка кайра иштелип чыгуучу энергия булактары (КЖЭ) боюнча демилгелер.
Жолугушууда жашыл каржылоону өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. “Элдик Банк” КЖЭ жана туруктуу кредит продукттары боюнча стратегиялык багытты кармана берерин ырастады.
— Биз кытайлык өнөктөштөрүбүздүн ишенимин жогору баалайбыз. Жаңы кредиттик линиялардын ачылышы Кыргызстан үчүн бизнес менен жашыл экономиканы өнүктүрүүдө дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Биз мындан ары да республикабыздын туруктуу экономикалык өсүшүнө багытталган демилгелерди жигердүү колдоону улантабыз, - деди Уланбек Ногаев.
Өз кезегинде, Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2024-жылы ачылган кредиттик линияны Элдик Банк ийгиликтүү өздөштүргөнүн жогору баалады.