Элдик Банк жана Habib Bank Limited кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
Элдик Банк Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасы ортосундагы соода-экономикалык жана каржылык кызматташууну кеңейтүүгө арналган эл аралык форумга катышты.
Форум эки өлкөнүн финансы институттарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана түз байланыштарды орнотууга маанилүү аянтча болду. Иш-чаранын алкагында банк Пакистандын алдыңкы каржы уюмдары менен бир катар жемиштүү жолугушууларды өткөрдү.
Иш-чаранын негизги жыйынтыктарынын бири - Пакистандагы эң ири жана абройлуу банктардын бири болгон Habib Bank Limited (HBL) менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюу болду.
Документ ШКУнун Банк аралык биримдигинин алкагында өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, банктык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, эксперттик тажрыйба алмашуу жана тараптардын стратегиялык максаттарына жооп берген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.
Иш сапардын алкагында HBL аянтчасында мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана биргелешкен демилгелерди ишке киргизүү үчүн жумушчу топторду түзүүгө багытталган иштик жолугушуу өттү.