Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк WSBI Social Week 2026 алкагында кайрымдуулук жардам көрсөттү

08 сентября 2026

Элдик Банк WSBI Social Week 2026 алкагында кайрымдуулук жардам көрсөттү

Элдик Банк WSBI Social Week 2026 алкагында кайрымдуулук жардам көрсөттү

Элдик Банк көп жылдан бери «Interact» коомдук фондунун өнөктөшү болуп келет жана быйыл да балдарды колдоого багытталган демилгени колдоду.

Биз өзгөчө колдоого муктаж балдар үчүн бардык керектүү окуу куралдары менен камсыздалган мектеп рюкзактарын даярдап, Токмок шаарындагы мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына тапшырдык. Элдик Банк үчүн ар бир баланын жаңы окуу жылын кубаныч менен башташы маанилүү.

Демилге WSBI Social Week 2026 - социалдык демилгелер жумалыгынын алкагында ишке ашырылды. Мындай долбоорлорду колдоо Элдик Банктын ESG-стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп, коомго жана жаш муунга колдоо көрсөтүүгө багытталган системалуу ишибизди улантат.