Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк аялдардын укуктарына арналган дата-арт көргөзмөсүнүн өнөктөшү

11 июля 2025

Элдик Банк аялдардын укуктарына арналган дата-арт көргөзмөсүнүн өнөктөшү

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде БУУнун Аялдар Уюму тарабынан уюштурулган “Тирек: анын жашоосунун жиби” Борбордук Азия маалымат сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

«Элдик Банк» ААК БУУнун Аялдар уюму менен кол коюлган кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөттү.

Көргөзмө визуалдык искусство менен гендердик маалыматтарды айкалыштырган уникалдуу маданий иш-чара болуп саналат. Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын сүрөтчүлөрү жараткан он төрт эмгекте аялдардын лидерлиги, көзгө көрүнбөгөн эмгек, экономикалык теңсиздик жана социалдык нормалардын басымы боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлөт.

Элдик Банктын катышуусу – бул инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө жана туруктуу келечек үчүн маанилүү болгон темаларды жайылтууга кошкон салымы.

Көргөзмө 2025-жылдын 23-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде ачык болот. Зыярат акысыз.