Элдик Банк «Айымдар ишкердиги - 2025» Экспосунун расмий өнөктөшү
Элдик Банк Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан уюштурулган «Айымдардын ишкердиги – ЭКСПО 2025» иш-чарасынын расмий өнөктөшү болду. ЭКСПО 2025- Кыргызстанда жана Борбор Азия регионунда аялдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана инклюзивдүү ишкердик экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү платформа.
Куттуктоо сөзүндө «Элдик Банк» ААКсынын Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова аялдардын ишкердүүлүгүн колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, туруктуу өнүгүү аялдардын экономикалык процесстерге активдүү катышуусуз жана инновациялык ыкмаларды киргизүүсүз мүмкүн эместигин айтты.
Гендер жана инклюзия боюнча менеджер Жылдыз Абдылдаева катышуучуларга Банктын «Ишкер Айым» аттуу кредиттик продуктусу, ошондой эле каржылык эмес демилгелер жана аял ишкерлерди колдоого багытталган Банктын эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктөрү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Банктын кардарларынын бири – үй шартында жасалган жем жасоо бизнесин түзгөн аялдын ийгиликтүү мисалын бөлүштү.
Экспо алкагында аял ишкерлердин шыктандыруучу ийгилик окуялары айтылып, аялдардын бизнесинин потенциалы жана өлкөнүн экономикасына кошкон салымы көрсөтүлдү.
Элдик Банк ESG-стратегиясын жана аялдардын ишкердигин колдоого, “жашыл” кредиттерди жана туруктуу каржылык чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган программаларды активдүү ишке ашырууда.
Ошондой эле, Банк аялдардын экономика тармагына катышуу шартын кеңейтүүгө жана экологиялык коопсуз технологияларды жайылтууга багытталган бир катар улуттук жана аймактык демилгелердин өнөктөшү катары да иш алып барууда.




