Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын делегациясын кабыл алып, 1,7 млрд юань көлөмүндөгү келишимдерге кол коюуга даярданууда

01 июля 2026

Элдик Банк Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын делегациясын кабыл алып, 1,7 млрд юань көлөмүндөгү келишимдерге кол коюуга даярданууда

Элдик Банк Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын делегациясын кабыл алып, 1,7 млрд юань көлөмүндөгү келишимдерге кол коюуга даярданууда

 

«Элдик Банк» ААК Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын делегациясын анын жетекчиси Тань Цзюнь мырзанын башчылыгы алдында расмий сапар менен кабыл алды. Бул сапар эки тараптуу финансылык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана эки мекеменин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө маанилүү этап болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык өкүлдөр банктын ишмердүүлүгү, тарыхы, негизги баалуулуктары жана учурдагы өнүгүү багыттары менен таанышты. Элдик Банктын жетекчилиги Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен 20 жылдан ашуун убакыттан берки кызматташтык өз ара ишенимге, ачык диалогго жана жалпы максаттарга негизделгенин белгиледи.

«Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы биз үчүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Алардын колдоосу менен биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып, кредиттик линиялар берилип, инвестициялык кызматташтык чыңдалууда», - деди «Элдик Банк» ААК Башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев.

Тараптар адам капиталын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Кызматташтыктын алкагында тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин алкагындагы билим берүү демилгелери ийгиликтүү ишке ашырылып, кадрдык потенциалды бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.

Сапардын алкагында тараптар Элдик Банкка 1 млрд юань өлчөмүндө кредиттик линия берүү боюнча жаңы келишимге кол коюуга даяр экендиктерин ырасташты. Бул каражат инфраструктура, жашыл энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы чакан жана орто бизнести каржылоого багытталат жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошот.

Ошондой эле банктын туунду компаниялары - «Элдик Лизинг» жана «Скай Мобайл» үчүн 700 млн юань өлчөмүндө каржылоо бөлүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда. Аталган компаниялар бул келишимдин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырышат.

Элдик Банкта белгилешкендей, алдыдагы келишимдер стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзүп, ири инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай финансылык кызматташтыгы мындан ары дагы бекемделип, жаңы биргелешкен ийгиликтерге жетишүүгө ишеним билдиришти.