Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» «Борбор Азиялык диалог» аттуу регионалдык форумга катышты

17 апреля 2025

«Элдик Банк» «Борбор Азиялык диалог» аттуу регионалдык форумга катышты

«Элдик Банк» Борбор Азиядагы жашыл жана туруктуу тажрыйбаларды илгерилетүү боюнча «Борбор Азиялык диалог» аттуу регионалдык форумга катышты.

Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрүндө жашыл жана туруктуу өнүгүү практикаларын киргизүү маселелери талкууланды. Банктын Туруктуу өнүгүү департаментинин башчысы Айжан Кариева «Борбор Азия өлкөлөрүндө ESG принциптерин колдонуу: кыйынчылыктар жана келечектер» темасындагы панелдик сессияда сөз сүйлөп, банк тарабынан ESG ыкмаларын ишке ашыруу, жашыл каржы инструменттерин киргизүү жана туруктуу долбоорлорду башкаруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, форум Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана адистерди чогултуп, туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.