Элдик Банк БУУнун Жооптуу банк иши принциптерине бирикти
Элдик Банк БУУнун Жооптуу банк иши принциптерине (PRB) - БУУнун курчап турган чөйрөнү коргоо программасы (UNEP FI) тарабынан дүйнө жүзүндөгү банктар менен биргеликте иштелип чыккан туруктуу банк сектору багытындагы алкактык демилгеге расмий түрдө бириге алган Кыргыз Республикасындагы алгачкы банктардын бири болуп калды.
PRB Принциптери БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарында жана Климат боюнча париж макулдашуусунда бекитилген туруктуу келечекке кароого банктардын стратегияларынын жана практикаларынын шайкеш келүүсүн камсыздоого багытталган.
Элдик Банк, аталган Принциптерге биригүү менен, аны өзүнүн стратегиясына интеграциялай туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуусун тастыктоодо, ошондой эле, өзүнүн иш-аракетинин экологиялык жана социалдык таасирин аныктоого жана өлчөөгө, олутуу артыкчылык берилген багыттарга максаттуу басым жасоого жана ишке ашырууга, ошол эле учурда өзүнүн ийгиликтери жөнүндө ачык отчет берүүгө милдеттенет.
Мындан тышкары, ушул Принциптерди кармануу менен, Элдик Банк банк продукттары, кызматтары жана өнөктөштүгү азыркы жана келечек муундардын жыргалчылыгын камсыздоо үчүн зарыл болгон кайра курууларды канткенде жеңил, тез ишке ашырууга боло турганын көрсөтүү – адамдар жана планета үчүн оң келечекти түзүү менен туруктуу каржылоодо алдына ат салдырбоо аракетинде.
Элдик Банк, ошондой эле, дээрлик бардык тармактагы оң жылыштар үчүн алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүп, сунуштарды жана инновациялык инструменттерди биргелешип иштеп чыгуучу дүйнөлүк банктар коомчулугунун бир бөлүгү болуп калууда.
"Жооптуу банк иши принциптерине биригүү - биздин туруктуу өнүгүү стратегиябызды ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Элдик Банк өлкөнүн экономикасын, коомун жана экологиясын колдоо менен, өзгөрүүлөрдүн жигердүү кыймылдаткычы болууга умтулууда. UNEP FIге мүчө болуу биздин Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы жооптуу банк катары ордубузду бекемдээрине ишенебиз", - деп белгиледи “Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев. ________________________________________________
Кошумча маалымат:
БУУнун Жооптуу Банк иши принциптери (PRB) - ал аркылуу БУУ жана глобалдык банк сектору глобалдык жана улуттук туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө зарыл болгон экономикалык өтүүнү илгерилетүү жана тездетүү үчүн кызматташа турган негиздүү демилге.
85+ өлкөдөн 350дөн ашуун банкты бириктирген бул Принциптер климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, айлана-чөйрөнүн булгануусу жана социалдык теңсиздик өңдүү негизги глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө туруктуулукту банктык практикага системалуу интеграциялоо багытын көздөйт.
UNEP (UNEP FI) каржылык демилгеси (UNEP FI) 500дөн ашуун банкты, камсыздандыруу компанияларын жана инвесторлорду бириктирип, туруктуу глобалдык экономикага өтүүдө каржы тутумундагы кайра курууну арбытууда.
PRBдин бардык катышуучулары өз иш-аракетине экологиялык жана социалдык таасирлерди убагында аныктоого жана баалоого, таасир тийген негизги чөйрөлөргө максаттуу карап, чара көрүүгө, ошондой эле жетишилген жылыштар жөнүндө үзгүлтүксүз отчет берүүгө милдеттүү.
Принциптер жөнүндө кененирээк төмөндөгү шилтемеден билүүгө болот: www.unepfi.org/responsiblebanking/