"Элдик Банк" Трансчек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясына кирди
Бүгүн "Элдик Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаевдин жана ассоциациянын Президенти Марсель Салахуновдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын трансчек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясына кирүү жөнүндө келишимге кол коюлду.
Бул кызматташтык Элдик Банкка кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүүгө, аларды экспорттоочулардын жана импортчулардын муктаждыктарына ылайыкташтырууга, ошондой эле банктын e-commerce чөйрөсүнө финансылык инновациялык өнөктөш катары позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Өнөктөштүктүн максаты ыңгайлуу санариптик төлөм чечимдерин, каржылоонун пайдалуу шарттарын жана эл аралык эсептешүүлөрдүн натыйжалуу механизмдерин берүү менен ишкерлерге ишенимдүү өнүгүүгө жардам бере турган финансылык инструменттерди түзүү болуп саналат.
- Биз Кыргызстандын санариптик экономикасын жана эл аралык соодасын өнүктүрүүдө дагы бир маанилүү кадам жасап жатабыз. Трансчек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясына кошулуу e-commerce чөйрөсүндө иштеген ишкерлер үчүн жаңы перспективаларды ачат. Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз ишкерлеринин ааламдашкан соодага интеграцияланышын тездете турган экосистеманы түзө алабыз деп ишенем, - деп белгиледи У.Ногаев.