Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк автоунаа ээлери үчүн «Газдаштыруу (ГБЖ)» продуктусун ишке киргизди

03 сентября 2025

Элдик Банк автоунаа ээлери үчүн «Газдаштыруу (ГБЖ)» продуктусун ишке киргизди

Элдик Банк автоунаа ээлерине күйүүчү май чыгымдарын азайтууга жана унааларын экологиялык жактан таза кылууга жардам берүү максатында жаңы «Газдаштыруу (ГБЖ)» насыя продуктусунун ишке киргизилгенин жарыялайт.


Бул продукт кардарларга газ баллондорун орнотуу же сатып алуу, ошондой эле унаалар үчүн катализаторлорду алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бардык жабдуулар жана иштер үчүн кийинчерээк төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Бул унааны үнөмдүү жана экологиялык жактан таза отун түрүнө өткөрүүгө шарт түзөт.


Насыя шарттары:

  • Насыя суммасы — 100 000 сомго чейин
  • Мөөнөтү — 12 айга чейин
  • Ставка — жылына 14% (Жылдык эффективдүү пайыздык чен — 14.86%)
  • Камсыздоо — күрөөсүз жана кепилчесиз

«Газдаштыруу (ГБЖ)» продуктусунун ишке киргизилиши Элдик Банктын ESG-стратегиясынын алкагында экологияны коргоо демилгелерин колдоо максатын көздөйт. Программа финансы жагынан жеткиликтүүлүктү жана туруктуу өнүгүүгө салым кошууну айкалыштырат: газ отунун колдонуу автоээлердин чыгымдарын азайтып, айлана-чөйрөгө тийгизилген терс таасирди кыскартат.


Жаңы сунуш аркылуу кардарлар өз чыгымдарын оптималдаштыргандан тышкары, экологиялык жактан таза жашоо чөйрөсүн түзүүгө да салым кошо алышат.


Элдик Банк — сиздин келечегиңиз үчүн жеткиликтүү чечимдер.