27 июня 2025
Элдик Банк DZ Bank менен корреспонденттик мамилелерди түздү
Элдик Банк Германиянын экинчи ири банкы болуп саналган DZ Bank менен түз корреспонденттик байланыш түзүлүп, кызматташтыктын башталганын кубануу менен билдирет.
Бул биздин кардарлар үчүн дүйнө жүзү боюнча Евро валютасында SWIFT аркылуу эл аралык акча которууларды ыкчам, коопсуз жана түз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
DZ Bank биздин банкты өнөктөш катары тандаганына сыймыктанабыз жана Элдик Банк өзүнүн эл аралык төлөм тармагын кеңейтүүнү улантууда.