«Бала ырысы» жөлөк пулун алуу боюнча нускама

Урматтуу кардарлар,
Эгерде Сизде биздин банкта эсеп жок болсо:
1. Банктын мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз.
Android: https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.rsk.staging
iOS: https://apps.apple.com/kg/app/eldik/id6596756225
2. Тиркемеден каттоодон өтүңүз.
3. Система Сизге эсеп ачууну сунуштайт. Банктык картаны ачуу милдеттүү эмес.
4. Эсеп ачылгандан кийин «Түндүк» тиркемесине кирип, жөлөк пул алуу үчүн арыз тапшырыңыз.
Эгерде Сизде биздин банкта эсеп же «Элкарт - Социалдык» картасы бар болсо: Жөлөк пулду алуу үчүн ошол эсепти же картаны колдонсоңуз болот. Жаңы эсеп ачуунун кереги жок.
Эгерде Сизде биздин банктын айлык акы картасы же башка картасы болсо: Ал карталар «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу үчүн жарабайт. Сизге банктын бөлүмүнө кайрылып, «Элкарт - Социалдык» картасын ачуу керек.
Картаны даярдоо мөөнөтү:
• Бишкек шаарында - 5 жумуш күнүнө чейин.
• Аймактарда - 10 жумуш күнүнө чейин.
«Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүү тартиби:
1. «Түндүк» тиркемесин ачыңыз.
2. Башкы беттин төмөн жагындагы «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз.
3. «Сунушталган кызматтар» бөлүмүнөн «Бала ырысы» кызматын тандаңыз.
4. Жөлөк пулду алуу үчүн биздин банкты тандаңыз.
Эгерде Сизде суроолор жаралса, биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз!









