Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик банктын ислам терезеси Жалал-Абад облусунун имамдары менен жолугушуу өткөрдү

10 июля 2025

Элдик банктын ислам терезеси Жалал-Абад облусунун имамдары менен жолугушуу өткөрдү

 

2025-жылдын 9-июлунда ОАО «Элдик Банк»тын Исламдык терезеси жана Шариат кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын Шариат кеңешинин төрагасы Абдурашид устаз Ж. Жалал-Абад облусунун казысы Жээнбеков Н.Б. баштаган казыя жана имамдар менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда исламдык каржылоонун негизги аспекттери, анын шариаттын принциптерине ылайыктуулугу жана этикалык каржы практикаларынын мааниси талкууланды. Төмөнкү темалар каралды:

• Такафул

• Ижара

• Мурабаха

Элдик Банк аймактарда исламдык каржы инструменттерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Максат – адилеттүү жана этикалык каржылык кызматтарды ар бир жаран үчүн жеткиликтүү кылуу. Калк менен ачык диалог жүргүзүү, диний лидерлер менен тыгыз кызматташуу жана исламдык банкингдин негиздерин түшүндүрүү — бул ишенимди бекемдөөгө гана эмес, каржылык сабаттуулукту жогорулатууга да өбөлгө болот деп ишенебиз. Мындай ыкма өлкөдө исламдык каржы тутумунун узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүшүнө, ошондой эле социалдык жоопкерчиликтүү ишкердикти колдоого шарт түзөт.