Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» ААКнын жетекчилигинин курамындагы өзгөрүүлөр

18 мая 2026

«Элдик Банк» ААКнын жетекчилигинин курамындагы өзгөрүүлөр

«Элдик Банк» ААКнын мындан аркы өнүгүүсүнүн жана стратегиялык позицияларын бекемдөөнүн алкагында Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны тарабынан Директорлор кеңешинин курамын жаңылоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чечим эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизүүгө жана ESG-күн тартибин илгерилетүүгө багытталган.

Акционерлердин жыйынынын чечими менен Банктын Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды.

Жакыпова А.Ж. — Директорлор кеңешинин төрайымы болуп шайланды. Ал буга чейин «Элдик Банк» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген. Ошондой эле Директорлор кеңешинин курамына Жеңбаева Э.Т. жана Качкеев М.Р. кирди.

Директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү эл аралык мамилелер, корпоративдик башкаруу, санариптик трансформация жана туруктуу каржылоо тармактарында 20 жылдан ашуун тажрыйбага ээ. Бул Банктын өнөктөштүк байланыштарын чыңдоого, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

«Элдик Банк» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматына банк тармагында жана банктык башкаруу жаатында 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар Нурзана Жакыпбекова дайындалды.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул өзгөрүүлөр Банктын узак мөөнөттүү туруктуу өсүшүн камсыз кылууга, адамга багытталган мамилени өнүктүрүүгө жана бизнести жүргүзүүнүн заманбап эл аралык стандарттарына шайкеш келүүгө багытталган.