Автонасыя боюнча жеңилдетилген каржылоо-3

Элдик Банк «Автонасыя боюнча жеңилдетилген каржылоо-3» программасынын башталганын жарыялайт! Өлкөдө өндүрүлгөн автоунааларды сатып алуу үчүн пайдалуу шарттар менен автокредит алыңыз.
Негизги шарттар:
- Пайыздык чен: • 4% — мамлекеттик органдардын жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн (НПЧ – 4,0692%дан)
- • 8% — башка бардык категориялар үчүн (НПЧ - 8,44%дан)
Кредиттин суммасы:
• 300 млн сомго чейин — мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ЖИге жана юридикалык жактарга
• 5 млн сомго чейин — жеке жактарга
Кредит мөөнөтү: 36 жана 60 айга чейин
Баштапкы төлөм:
• 20%дан — 3 млн сомго чейинки сумма үчүн
• 30%дан — 3 млн сомдон жогору сумма үчүн
• Баштапкы төлөм жетишсиз же жок болгон учурда, «Гарантиялык фонд» ААКсынын кепилдиги каралышы мүмкүн, мында өздүк салым кеминде 10% болушу зарыл
Элдик Банк автоунаа сатып алууну дагы жеткиликтүү кылат — пайдалуу шарттарды бүгүн эле колдонуңуз!








