Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө
Элдик Банк Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн жеңилдетилген кредиттөөнү ишке киргизет.
Эгерде сиз жабдууларыңызды жаңыртууну, сатуу көлөмүн көбөйтүүнү же айланма каражаттарды толуктоону пландап жатсаңыз — бул сунуш сиз үчүн!
Кимдер катыша алат?
Төмөнкү багыттарда иш жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:
▫️ тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү (тамекиден тышкары);
▫️ тигүү жана текстиль өндүрүшү, бут кийим, тери жана булгаары буюмдары;
▫️ жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия;
▫️ химиялык продукция;
▫️ фармацевтикалык продукция;
▫️ резина, пластмасса жана металл эмес минералдык буюмдар;
▫️ даяр металл буюмдары;
▫️ компьютер, электрондук жана оптикалык жабдуулар;
▫️ электр жабдуулары;
▫️ курулуш материалдары;
▫️ башка өндүрүш түрлөрү, жабдууларды оңдоо жана орнотуу;
▫️ туризм жана коштоочу кызматтар (конок үйлөрү, этно- жана экотуризм, транспорт, гиддик кызматтар);
▫️ кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк;
▫️ билим берүү (мектепке чейинки жана мектеп мекемелери);
▫️ кол өнөрчүлүк;
▫️ стартап-долбоорлор;
▫️ саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө;
▫️ экспортко багытталган ишмердүүлүк;
▫️ IT-сектор жана инновациялар (санарип кызматтар, финтех);
▫️ технологиялык линияларды, өндүрүш жабдууларын, техникаларды жана транспорт каражаттарын сатып алуу;
▫️ иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн гана кыймылсыз мүлк сатып алуу (жер тилкелерин кошпогондо).
Ыңгайлуу шарттар:
✔️ Пайыздык ставка — жылдык 6% (НПЧ 6,17%дан баштап)
✔️ Мөөнөт — 60 айга чейин
✔️ Сумма — 50 млн сомго чейин
✔️ Жеңилдетилген мөөнөт — 6 айга чейин
Камсыздоо:
▫️ 300 000 сомго чейин — күрөөсүз
Керек болгон учурда
Ачык акционердик коом «Кепилдик фонду» тарабынан кепилдик тартууга мүмкүн.
Бүгүнтөн баштап бизнесиңизди жаңы деңгээлге чыгарыңыз!
📞 9111 | 🌐 eldik.kg