Жаңы алдамчылык түрлөрү!

Урматтуу кардарлар!
Акыркы учурда банктарга телефон байланышы жана WhatsApp мессенжери аркылуу жасалган алдамчылык учурлары боюнча кайрылуулар келип түшүүдө
Алдамчылар өздөрүн уюлдук байланыш операторлорунун кызматкерлери катары тааныштырып, SIM-картанын «колдонуу мөөнөтү аяктады» деген шылтоо менен аны шашылыш «узартууну» сунушташат. Бул үчүн видеочалуу жана экран көрсөтүү функциясын күйгүзүүнү суранышат
Эсиңиздерге салабыз:
— уюлдук операторлордун жана банктын кызматкерлери эч качан экран көрсөтүүнү талап кылышпайт
— SMS-коддорду, сырсөздөрдү жана жеке маалыматтарды эч кимге бербеңиздер
— белгисиз адамдардын көрсөтмөлөрүн аткарбаңыздар
— шектүү чалуулар болгон учурда сүйлөшүүнү дароо токтотуңуздар
Экранга жеткиликтүүлүк алган алдамчылар мобилдик банкингге кирип, кардарлардын эсептериндеги каражаттарды чыгарып кетиши мүмкүн.
Сак болуңуздар жана жакындарыңыздарды да эскертиңиздер!







