Жаңы жеңилдетилген насыя: "Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу"
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагындагы жеке турак үйлөр үчүн экологиялык таза жылытуу системаларын киргизүүгө арналган жаңы жеңилдетилген насыя.
Кимдерге жеткиликтүү:
- Бишкек шаарындагы жеке турак үйлөрдүн ээлерине жана ошол үйлөрдө жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө
- Экологиялык таза жылуулук жабдууларын жеткирүүчү жана орнотуучу компанияларга жана жеке ишкерлерге
Кандай максатта пайдаланууга болот:
Сатып алуу жана орнотуу үчүн:
- жылуулук насостору;
- күн жылуулук коллекторлору;
- күн фотоэлектрдик панелдери (PV) жана энергия топтоочу түзүлүштөр;
- экологиялык таза жылытуунун башка түрлөрү, анын ичинде орнотуу үчүн керектелүүчү материалдар.
Кредиттин суммасы:
- жеке жактар үчүн — 1 000 000 сомго чейин
- юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн — 5 000 000 сомго чейин
Пайыздык чен:
- жеке жактар үчүн — жылдык 8% (НПЧ – 8,32%)
- юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн — жылдык 10% (НПЧ – 10,5%)
Мөөнөтү: 60 айга чейин
Камсыздоо:
- 300 000 сомго чейин — күрөөсүз
- андан жогору — кыймылсыз мүлк, депозит, кошумча күрөө
Үйдөгү жылуулук — шаардагы таза аба.
