Visa жана MasterCard виртуалдык карталарын Eldik тиркемесинде бекер тейлөө менен тартыңыз
«Элдик Банктан» Visa жана MasterCard виртуалдык карталары – каалаган убакта жана каалаган жерде акчаларыңызды ишенимдүү санарип карта менен акысыз башкарыңыз.
Эми Eldik тиркемесинде Visa жана MasterCard виртуалдык карталары эң ыңгайлуу шарттарда жеткиликтүү:
-
Карта чыгаруу – Акысыз
-
Жылдык тейлөө – Акысыз
-
Валюта – сом, АКШ доллары жана евро
-
Мөөнөтү – 3 жыл
Виртуалдык карта – бул онлайн-сатып алуулар, жазылуулар жана которуулар үчүн ишенимдүү жардамчыңыз. Ал күнү-түнү (24/7) жеткиликтүү, эң негизгиси – чыгаруу жана тейлөө үчүн эч кандай кошумча чыгым жок!
Картаны Eldik тиркемесинен болгону бир нече мүнөттө ачып, бүгүн эле колдонуп баштаңыз:
-
Eldik тиркемесин ачыңыз
-
«Продукттар» → «Менин финансыларым» бөлүмүнө кириңиз
-
«Виртуалдык картага заказ берүү» баскычын басыңыз
-
Картаны жана филиалды тандап, арызды жана офертаны ырастап, СМС-кодду киргизиңиз
-
5 мүнөт ичинде карта колдонууга даяр болот!